ӨКМ: Күндүн табы жогорулап, ысык аба ырайы күтүлүүдө

 ӨКМ: Күндүн табы жогорулап, ысык аба ырайы күтүлүүдө

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык 2023-жылдын 12-14-июлдарында абанын температурасы кескин түрдө жогорулап, ысык аба ырайы күтүлөт.

Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 34…39°ка чейин жогорулашы күтүлөт

Мындай кургак ысык аба ырайынын учурунда организмди чаңкоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Связанный пост