ӨКМ: Өзгөчө кырдаалды калкка кабарлоонун системасы сыналат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкекте синераларды иштетип, даярдыгын текшерет. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Министрлик жарандарды дүрбөлөңгө түшпөө үчүн эскертет.
«ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы 10-февралдан 1-мартка чейин борбор калаадагы сиреналар жана үн менен кабарлоо тутумдары аркылуу өзгөчө кырдаалдарга карата калкка кабарлоо тутумдарынын даярдыгын текшерүүнү жүргүзөт», — деп айтылат билдирүүдө.