Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо үчүн “бирдиктүү терезе” принциби кирет

 Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо үчүн “бирдиктүү терезе” принциби кирет

Министрлер кабинети үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо системасын өркүндөтүү жана мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн координациялоо боюнча чаралар жөнүндө токтом кабыл алды.

Токтомго ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана алардын ишин координациялоо тартиби жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга “бирдиктүү терезе” принциби боюнча жардам көрсөтүү тартиби бекитилди.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүргүзгөн мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жана башка субъекттердин ишин жана өз ара аракеттенүүсүн координациялоо президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына жүктөлдү.

Связанный пост