Үй-бүлөлүк медицина борборлору дем алыш күндөрү дагы иштешет

 Үй-бүлөлүк медицина борборлору дем алыш күндөрү дагы иштешет

Балдардын арасында дем алуу органдарынын патологиясы көбөйгөнүнө байланыштуу, шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлору бейтаптарды дем алыш күндөрү дагы кабыл алууда.
Ушул себептен улам, Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жана Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага медициналык жардам сурап кайрылган бейтаптардын саны жогорулады.
Респиратордук патологиясы бар балдарды ооруканага жаткыруу жана дарылоо үчүн төмөнкү ооруканаларда кошумча керебет орундар жайгаштырылды:
– Улуттук энени жана баланы коргоо борбору, 2-база, дареги: Тоголок Молдо көч., 100 керебет;
– Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана, 35 керебет;
– Чүй облустук бириккен оорукана, 45 керебет.

Учурда шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлору бейтаптарды төмөнкү иш сааттар менен кабыл алууда:
– иш күндөрү жана ишемби күнү саат 08.00 дөн 18.00гө чейин;
– жекшемби күнү саат 08.00 дөн 14.00гө чейин.
Мындан тышкары, ҮМБнын дарыгерлери ишемби жана жекшемби күндөрү саат 08.00дөн 20.00гө чейин Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө нөөмөт иштерин улантууда.
Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунун каттоо жайларынын актуалдуу телефондору:
* №1 ҮМБ – 0312 64 45 42;
* №2 ҮМБ – 0312 21 03 57;
* №3 ҮМБ – 0312 32 52 32;
* №4 ҮМБ – 0312 43 39 07;
* №5 ҮМБ – 0312 63 51 23;
* №6 ҮМБ – 0312 57 02 84;
* №7 ҮМБ – 0312 66 20 44;
* №8 ҮМБ – 0312 42 69 62;
* №9 ҮМБ – 0312 21 17 32;
* №10 ҮМБ – 0312 67 82 74;
Ошондой эле саат 9:00дөн 18:00гө чейин 118 ишеним телефону иштейт, ал бардык кайрылган жарандарга консультациялык жардам көрсөтөт.

Связанный пост