Үч-Коргон ГЭСинин №3 гидроагрегатын реконструкциялоо ноябрда аяктайт

Үч-Коргон ГЭСинин №3гидроагрегатын реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган ГЭС Кыргызстандын энергетикалык системасында стратегиялык мааниге ээ.

Долбоордун негизги максаты — станциянын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу, кызмат мөөнөтүн узартуу, ошондой эле заманбап автоматташтыруу жана технологиялык процесстерди башкаруу системаларын киргизүү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө №3 гидроагрегат боюнча иштер жүргүзүлүүдө:

  • №3 гидроагрегатта башкаруу шкафтарын ишке киргизүү жана жөнгө салуу иштери жүрүп, агрегатты чогултуу жана системага май куюу иштери аткарылууда. Ошондой эле «нымдуу» сыноо жүргүзүүгө даярдык катары көтөргүч механизмин даярдоо аяктоодо;
  • №4 гидроагрегатта башкарууну жөнгө салуу системасы (БЖС) алмаштырылып, мурда аныкталган кемчиликтер жана эскертүүлөр жоюлууда;
  • №5 жана №6 дарбазалар боюнча адистер жыйноо жана дефектоскопия иштерин жүргүзүп, аларды долбоордук ордуна орнотууга даярдоодо;
  • №2 гидроагрегатта статордун станинасын ширетүү иштери улантылууда — бул жабдуунун электромеханикалык бөлүгүн чогултуудагы негизги этап болуп саналат.

№3 гидроагрегатты оңдоо иштери 98 пайызга аяктаган, анын толук бүткөрүлүшү 2025-жылдын ноябрь айына пландалган. Реконструкциядан кийин анын кубаттуулугу 54 МВт түзөт, бул модернизацияга чейинки көрсөткүчтөн 9 МВт жогору.

Модернизациядан кийин Үч-Коргон ГЭС туруктуу, коопсуз жана экономикалык жактан натыйжалуу электр энергиясын өндүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, өлкөнүн энергетикалык системасын өнүктүрүүгө салымын кошот.

Связанный пост