Үч айда өлкөгө дээрлик 700 млн доллар которулган

 Үч айда өлкөгө дээрлик 700 млн доллар которулган

2026-жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанга жеке жактар тарабынан жалпы 699,7 млн доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга акча которуулардын эң көп бөлүгү КМШ өлкөлөрүнө туура келет. Ал жактан жалпы 649,4 млн доллар келген, анын ичинен 629,3 млн доллары бир гана Россиядан которулган.

“Ал эми ушул эле аралыкта алыскы чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга жалпы 50,3 млн доллар келип түшкөн. Мунун ичинен негизги үлүш Түркия мамлекетине туура келип, үч айда 38,2 млн долларды түздү”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост