Үчүнчү Элдик Курултай аяктады

 Үчүнчү Элдик Курултай аяктады

Бишкекте 20-21-декабрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен өткөн үчүнчү Элдик Курултай өз ишин аяктады.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 698 делегат, анын ичинде чет өлкөлөрдө жүргөн мигранттардан жана диний конфессиялардан өкүлдөр катышты.

Курултайдын жүрүшүндө 2000ден ашык жазуу жүзүндөгү сунуштар келип түшкөн жана 150 делегат трибунадан чыгып, актуалдуу маселелерди жана демилгелерди айтып чыкты.

Үчүнчү Элдик Курултайдын делегаттары инфраструктураны өнүктүрүү, суу менен камсыздоону жакшыртуу, айыл чарбасын жана ишкердикти колдоо, мугалимдерди, дарыгерлерди жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык жактан коргоо сыяктуу маселелердин кеңири спектрин сунушташты. Өзгөчө көңүл ар кайсы региондордо майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борборлорду курууга бурулду.

Мындан тышкары, ата мекендик продукцияны экспорттоо, кайра иштетүү, азык-түлүк коопсуздугу жана минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча заводдорду куруу темалары көтөрүлдү. Делегаттар ошондой эле шаарларды өнүктүрүүгө каражат бөлүү жана чет өлкөдө жүргөн жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү, анын ичинде виза режимин жеңилдетүү боюнча сунуштар менен кайрылышты.

Президент Садыр Жапаров Курултайды жыйынтыктап жатып, делегаттардын суроолоруна жооп берип, өлкөнүн өнүгүүсүнүн ар кандай аспектилерине кеңири токтолду.

Аягында үчүнчү Элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынды.

Связанный пост