Өзгөндө жер көчкүдөн улам көчүрүлгөн калкка 18 чатыр орнотулууда

 Өзгөндө жер көчкүдөн улам көчүрүлгөн калкка 18 чатыр орнотулууда
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бүгүн саат 07:00дөн тартып Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Карл-Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесине 18 чатыр орнотула баштады. Бул тууралуу КР ӨКМ пресс-борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөн райондук №53 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн 15 куткаруучусу тартылды. Чатырлар кооптуу жерден 2 км 200 метр аралыкта жайгашып, таза суу жана электр энергиясы орнотулду.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 22-март күнү, саат 05:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1млн м3 жер көчкү түшкөн. Ага ылайык Өзгөн райондук РМАнын башчысы-акимдин буйругунун негизинде Карл Маркс айылына I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланып, аймакта жайгашкан 18 турак жайда күн кечирип келген 195 тургун жеңил оокатары менен коопсуз аймакка көчүрүлгөн болчу.
Ал эми аталган аймактагы жер көчкү 2007-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМдин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти корутунду чыгарып, кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн ээлерин көчүрүү керектиги эскертилип, сунушталган.

Связанный пост