Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында ички дүң продукттун өсүүсү камсыздалды

 Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында ички дүң продукттун өсүүсү камсыздалды

Ички дүң продукт (ИДП), алдын-ала баалоолор боюнча, 2023-жылдын январь-августунда ѳткѳн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 3,3% жогорулды жана 677 млрд. ашык сомду түздү. Бул тууралуу Улутстаткомунун пресс-кызматы маалымдады.

ИДПнын өсүүсү товардык өндүрүш, жана тейлөө тармактары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 1,2%, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4,5% өстү.

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (52,8%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип, өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 0,2 пайыздык пунктка азайган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 28,5% түзүп, 3,6 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,9 пайыздык пунктка, айыл чарбасы 1,4 пайыздык пунктка жана курулушта 0,1 пайыздык пунктка төмөндөгөн.

2023-жылдын январь-августунда экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

  Млн. сом ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери Жыйынтыкка карата пайыз менен
2022 2023
ИДП 677 231,9 103,3 100,0 100,0
Товар өндүрүү тармактары 193 135,8 101,2 32,1 28,5
Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук
61 417,2 98,5 10,5 9,1
Өнөр жай 100 543,3 100,0 16,7 14,9
Пайдалуу кендерди казуу 15 386,1 105,4 2,6 2,3
Иштетүү өндүрүшү
(Иштетүү өнөр жайы)
73 895,1 97,8 12,3 10,9
Электр энергия, газ, буу жана        
  кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) 9 698,3 108,6 1,6 1,4
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу 1 563,8 96,7 0,3 0,2
Курулуш 31 175,3 111,3 4,9 4,6
Кызмат көрсөтүү тармактары 357 544,7 104,5 52,6 52,8
Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо 91 411,5 111,6 13,5 13,4
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо 25 263,3 107,7 3,9 3,7
Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги 8 476,1 115,9 1,1 1,3
Маалымат жана байланыш 15 450,4 107,8 2,6 2,3
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү 216 943,4 100,4 31,5 32,0
Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар 126 551,4 103,3 15,3 18,7

Связанный пост