“KG Групп” курулуш компаниясынын башчысына издөө жарыяланды
“KG Групп” курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 10-январдагы жыйынында билдирди.
УКМК төрагасы Ташов боюнча депутаттын суроосуна жооп берип жатып, анын “Мени уурдап, белгисиз жайда кармашты. Сол чөнтөккө 100 млн талап кылышты” деп жарыялаган билдирүүсүнүн видеосу тууралуу президенттен уккандыгын айтты.
“Мага түнкү саат 1,5-2лерде президент чалып, Ташовдун видеосу тууралуу айтты. Маалыматты издеп тапсам, “KG Групп” курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташов экен. Ал 52 млн сом “кассага” төлөтүштү, анан 100 млн сом сол чөнтөккө төлөйсүң деп талап кылышты” дептир”, – деди УКМК төрагасы.
Ташиев соттун уруксаты менен Ташовдун убактылуу кармоочу жайында отурган кездеги башкалар менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн баары жаздырып алынгандыгын билдирди.
“Анын ачык видеодо сүйлөшкөндүгү жаздырып алынган. Мага бир үйдүн жашоочулары кайрылып, Ташовго карата чара көрүп берүүнү өтүнүшкөн. Аны чакырып, сүйлөшкөндө жашоочулар айткандары анык болуп чыкты. Биз аны камаганбыз. Ал бизге эмес, Бишкек шаарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында 52 млн сом төккөн. Эми 100 млн сом боюнча айта кетейин. УКМК кызматкерлери менден ушунча акча каражатын сурады деп жатат. Биз анын СИЗОдо отуруп алып Тилекмат Куренов менен сүйлөшүүсүн жаздырып алганбыз. Анда алар мамлекетик төңкөрүш тууралуу сүйлөшүп жатышат. Бир нече күн сүйлөшүштү, биз ага карабастан келтирген зыянды толук толтуруп бергени үчүн Ташовду СИЗОдон чыгардык”, – деп баса белгиледи Камчыбек Ташиев.
УКМК төрагасы учурда курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташовго издөө жарыялангандыгын билдирип, ал учурда башка мамлекетте жүргөндүгүн кошумчалады.
“Биз аны өлкөдө төңкөрүш уюштурууга даярдагандыгы үчүн бүгүн болбосо да, эртең сөзсүз кармап, жоопко тартабыз”, – деди Ташиев.
Белгилей кетсек, “KG Групп” курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташов 2023-жылдын октябрь айында УКМК тарабынан кармалган.
Атайын кызмат тарабынан Муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүү жана пайдалануу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаранын алкагында кылмыш иши козголуп, анын жүрүшүндө курулушка жарыяланган социалдык объектинин ордуна ижарачылар тарабынан турак жайларды мыйзамсыз куруу фактылары аныкталды.
Жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 30-июлундагы № 417 токтомуна ылайык, “О” ЖЧКсына бөлүнгөн жер тилкеге 280 орундуу бала бакча салынуусу аныкталды. Бирок, буга карабастан, “Бишкек Главархитектура” мамлекеттик мекемесинин жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жооптуу жана кызмат адамдары мыйзамсыз киреше алуу максатында “О” ЖЧКсынын жетекчилиги менен кылмыштуу топ түзүшкөн. Бул адамдар белгиленген максатты бузуу менен архитектуралык-пландоо шарттарын иштеп чыгышып, жана инженердик-техникалык шарттарды жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 12 кабаттуу турак жайдын курулушуна карап, техникалык паспорт берүү жана тиешелүү документтерди тариздөө жол-жоболорун жүргүзгөн.
Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында “О” ЖЧКсы мыйзамсыз түрдө 2 көп кабаттуу үйлөрдү куруп, аны сатып жиберишип, Бишкек шаарынын жакынкы райондорунун жашоочулары шаарда жетишсиз болгон бала бакчадан ажыратылган.
Ошентип, мамлекетке 52 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилген, ал ушул күнгө чейин “О” СК тарабынан төлөнбөй келген.
Көп өтпөй, тактап айканда, 8-декабрда Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан. Маалыматка ылайык, ал он батир жана 52,4 миллион сомдук коммерциялык жайды муниципалдык менчикке кайтарып берген.