Жыл башынан бери салыктык эмес кирешелерден 72,9 млрд сом түштү

 Жыл башынан бери салыктык эмес кирешелерден 72,9 млрд сом түштү

Мамлекеттик бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө салыктык эмес кирешелердин 2023-жылдын 11 айына карата мамлекеттик бюджетке салыктык эмес кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү 72 992,45 млн сомду түзүп, бул жалпы кирешелердин 17 % ын түзөт.

2023-жылдын 11 айына карата жалпы норматив менен жеткирилген салыктык эмес кирешелердин жеткирилген планы 54 484,67 млн. сомду түздү, ал эми 11 айда аткарылганы 72 992,45 млн. сом болуп, пайыздык көрсөткүч планга карата 134,0 % ды түзүп, ал эми 11 айга карата пландагыдан 18 507,78 млн. сомго ашыкча жыйналган. Натыйжада кошумча киреше булактарын табуунун эсебинен бюджеттин кирешеси көбөйгөн. Ал эми 2022-жылдын 11 айына карата салыштырмалуу кирешелер 27 995,8 млн. сомго көп жыйналып, өсүү ыргагы – 162,2 %.

2023-жылдын 11 айына карата салыктык эмес кирешелердин негизги өсүү көрсөткүчтөрү төмөнкүлөрдөн: акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддерге – 16 770,97 млн. сом өлчөмүндө тушүп, планга карата 196,6 % ды түзүп, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу 12 498,18 млн.сомго ашык түштү, ошондой эле 11 ай ичинде акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн 21 928,30 млн. сом түшкөн, мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо үчүн жыйымдар боюнча 2 728,68 млн.сом түшүп, ошондой эле республиканын аймагындагы тоокен тармагында иштеп жаткан ишканалардан жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдөн 1 827,31 млн.сом түшүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 430,81 млн.сомго ашыкча жыйналып, өсүү ыргагы – 130,8% түзгөн.

Связанный пост