Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 442,4 млрд сомду түздү

2025-жылдын башынан бери Кыргызстандын экономикасында негизги көрсөткүчтөр боюнча өсүштөр байкалууда. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын январь-апрелинде алдын ала баалоо боюнча ички дүң продукция 442,4 млрд сомду түздү жана 2024-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 11,7 пайызга өстү.
Ал кошумчалагандай, ИДПнын 52 пайызын тейлөө тармагы, 30,8 пайызын товардык өндүрүш тармагы, ал эми продукцияга салык 17,2 пайызды түзөт.