Жыл башынан бери Баткен облусундагы укук коргоо органдары тарабынан 262 аткезчилик фактысы аныкталган
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин жетекчилиги астында, облустагы актуалдуу маселелерди караган кеңешме өттү. Анда облус башчысы облустун аймагында аткезчиликке каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш чаралар тууралуу тийиштүү жетекчилердин маалыматын укту.
Укук коргоо органдарынын маалыматында, акыркы мезгилде Тажикстан Республикасы менен кѳзѳмѳлдөп-ѳткѳрүү пунктары официалдуу түрдө жабык болгондугуна байланыштуу, коӊшу мамлекеттин чек арага чектеш аймактарында айрым товарларга талаптардын көбөйүүсү менен контрабандалык ишмердиктин күчөшүнө өбөлгө түзүлүп, эки тараптын кызыкдар болгон жарандары тарабынан аткезчилик иш-аракеттери активдешкен.
Мындан улам облус башчысы Абдикарим Алимбаев, укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийлик биргеликте, мобилдик топторду түзүү менен бул багытта ишти күчөтүүнү тапшырды.
Тагыраагы чек арага чектеш район башчылары тез арада координациялык кеңешме өткөрүп, чек ара аймактарына кошумча постторду коюу, мобилдик топторду тузүү менен чек ара аймактарында көзөмөлдү күчөтүү, аткезчилик менен алектенген жарандар арасында жергиликтүү бийлик органдары жекече иш алып баруу, аларга юридикалык жактан эле чара көрүү менен чектелбестен, моралдык жактан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, дагы башка эфективдүү ыкмаларды колдонууну тапшырды.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11 айында Баткен облусундагы укук коргоо органдары тарабынан 262 аткезчилик фактысы аныкталып, бөгөт коюлган.
Анын ичинде “Баткен” бажысында 204 бажы эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, натыйжада 4 724 000 суммадагы айып пул салынып өндүрүлгөн, аталган фактылардан мамлекетке 3 578 026 сом бажы төлөмдөрү төлөнгөн. Ал эми УКМК тарабынан 58 учур аныкталып, мамлекеттик бюджетке 167 млн. 483 миң 212 сом өндүрүлгөн.