Жыл башынан бери “Автоураган” системасы аркылуу 18 миң 350 эреже бузуу аныкталды

Жыл башынан бери “Автоураган” системасы аркылуу 18 миң 350 эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Жумагулов билдирди.
Анын айтымында, анын ичинен 7 миң 154 унаа айып короого киргизилген.
“Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башмарлыгынын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн санариптештирүү, алардын жүгүн жеңилдетүү жана ошондой эле жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында “Автоураган” аппараттык-программалык комплекси ишке киргизилген”,-деди ал.
Жумагулов белгилегендей, мындан тышкары санариптештирүүнүн негизинде ЖКККБда дрон системасы да ийгиликтүү колдонуулуда.
“Биздин кызматкерлер турбаган аймактарда жана камералар турбаган жерлерде, айрыкча туристтик мезгилде дронду колдондук. Алар каршы тилкеге чыгуу, жолдун четин басып өтүү, туура эмес токтотуу сыяктуу эреже бузууларды реалдуу убакытта каттап жатышат. Дрондун жардамында жыл башынан 4 миңден ашуун эреже бузуу аныкталды. Аларга карата тийиштүү протоколдор түзүлдү”,-деди ал.