Жыл башынан бери Акыйкатчы институтуна кайрылгандардын саны өстү
Жыл башынан бери Акыйкатчы институтуна кайрылгандардын саны өстү. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы жалпысынан 9 672 жаран кайрылган.
Ал эми 2026-жылдын сегиз айында кайрылуулардын саны былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 50%га өскөн.
“Бул жарандардын Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү туурасында маалымдуулугунун кеңейишин билдирип, бузулган укуктарды коргоо жана калыбына келтирүү механизмдеринин жеткиликтүүлүгү артканын көрсөтөт”, – деп белгилешти Акыйкатчы институтунан..
Ошондой эле 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүнүн көрсөткүчү 58%дан ашкан.
“Өткөрүлгөн инспекциялардын саны 179дан 811ге чейин көбөйүп, мамлекеттик органдар тарабынан Акыйкатчы институтунун чара көрүү актыларынын жана сунуштамаларынын аткарылышы 93%га жеткен”, – деп айтышты Акыйкатчы институтунан.