Жыл башынан бери 14 телеканалга пландуу текшерүү жүргүзүлдү

 Жыл башынан бери 14 телеканалга пландуу текшерүү жүргүзүлдү
Үстүбүздөгү жылдын январь айынан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана “Колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү жөнүндө” Жобосуна ылайык 14 телерадиоканалга жана телерадиоберүүнүн 3 операторуна пландуу көчмө текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө “312 КИНО”, “312 Музыка”, “312 ТВ”, “Европа плюс Кыргызстан”, “СуперТВ” жана “7 канал” телерадиоканалдарын, ошондой эле “АйТВ КЖ” ЖЧК, “Ала ТВ” ЖЧК телерадиоберүү операторлорун текшерүүнүн жүрүшүндө колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын бузуулар аныкталган.
Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексине ылайык, Министрлик тарабынан “312 кино”, “312 ТВ” жана “Любимый” телеканалдарына, ошондой эле “АйТВ КЖ” ЖЧК жана “Ала ТВ” ЖЧК телерадиоберүү операторлоруна айып пул салынды.
Айып пулдун жалпы суммасы 115 миң сомду түзөт.
Ал эми “Европа плюс Кыргызстан”, “Супер ТВ” жана “7-канал” телерадиоканалдарынын дарегине аныкталган мыйзам бузуулар боюнча жазма буйруктар чыгарылган.

Связанный пост