Жыл башынан бери өлкө аймагында 7 муниципалдык мал базарлар курулуп, ишке берилди
2024-жылдын башынан бери Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жергиликтүү бийлик менен биргеликте жүргүзүлгѳн иш-чаралардын негизинде өлкө боюнча 7 жаңы муниципалдык мал базарлар курулуп, ишке берилди.
Ведомстводон маалымдашкандай, алар Баткен, Ноокат, Токтогул, Тоң, Лейлек, Айтматов, Сокулук райондорунда, ал эми азыркы учурда дагы 5 муниципалдык мал базар курулууда, Ноокен, Кочкор, Ак-Талаа, райондорунда жана Кадамжай районунда 2 мал базар жакынкы күндө бүткөрүлүп ишке берилет.
Республика боюнча бүгүнкү күндө 43 мал базар ѳз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет, анын ичинен 18 мал базар ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет. Ал эми 25 мал базарга райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктар тарабынан көрсөтмөлөр берилип талаптарга ылайык келтирүү боюнча оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат жана көрсөтмөлөрдү аткарбагандыктан Ноокат жана Москва районундагы 2 мал базар ишмердүлүгү токтотулду.