Жыл аягына чейин Ош облусунда 30 мектеп пайдаланууга берилет
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Кыргыз Республикасынын Президенттинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Кара-Суу жана Өзгөн районундагы салынып жаткан мектептердин курулуш иштери менен жеринде таанышты.
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мектептин сапатына жана бүткөрүү мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгилеп, бул иштерди толук бүткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлөөрүн билдирди.
Мындан сырткары бардык мектептер заманбап салынып жаткандыктан таза суу ж.б кошумча маселелерин кошо чечүү керектигин тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө тапшырма берди.