Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору алмашты

 Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору алмашты

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Билим берүү жөнүндө” КР мыйзамынын 22-беренесине, КР министрлер кабинетинин “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобонун 36-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Абдырахманов Төлөбек Абылович берген жеке арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Билим берүү жөнүндө” КР мыйзамынын 22-беренесине, КР министрлер кабинетинин “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобонун 2-пунктуна ылайык Чонтоев Догдурбек Токтосартович Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды.

Связанный пост