ЖОЖдорго жана колледждерге каттоонун биринчи туру жыйынтыкталды
Жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) жана колледждерге каттоонун биринчи туру жыйынтыкталды, – деп билдирет Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.
2022-жылдын 23-июлуна карата маалымат боюнча, сынактын биринчи турунда КООЖго катталгандар:
2022-жылдын 23-июлуна карата маалымат боюнча, сынактын биринчи турунда КООЖго катталгандар:
бюджетке – 3131 абитуриент, келишимдик негизде – 17685 абитуриент.
Алардын ичинен тандалган колледжге окуй тургандыгын тастыктагандар:
бюджетке – 1866 абитуриент, келишимдик негизде – 10185 абитуриент.
ЖОЖдорго кабыл алуунун биринчи туру 2022-жылдын 18-июлунда башталып, арыздарды кабыл алуу 20-июлда саат 14:00дө аяктаган.
21-июлда эрте мененки саат 10го чейин автоматташтырылган маалымат системасында кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси жеткиликтүү болду.
2022-жылдын 23-июлуна карата маалымат боюнча, сынактын биринчи турунда ЖОЖдорго катталгандар:
бюджетке-10587 абитуриент, келишимдик негизде – 16189 абитуриент.
23-июль күнү саат 16:00гө карата тандалган жогорку окуу жайында окууну тастыктады:
гранттык негизде – 2748 абитуриент, келишимдик негизде – 8594 абитуриент.