Жол тескөөчүлөр күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

 Жол тескөөчүлөр күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Өлкөдө аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жол тескөөчүлөр күчөтүлгөн тартипте кызмат алып барышууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖКККББнын кызматкерлери республика боюнча жолдордо кызмат өтөп, унаа агымын жөнгө салып, айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле унаалардын техникалык абалын текшерип, жол коопсуздугун камсыздоого багытталган чараларды көрүшүүдө.

Айрыкча Бишкек–Нарын–Торугарт жана Бишкек–Ош багытындагы унаа жолдорунда, тоолуу ашууларда башка тиешелүү кызматтар менен биргеликте күнү-түнү күзөттө туруп иш алып барылууда.

ЖКККББ бардык айдоочуларды аба ырайынын өзгөрүшүн эске алып, жол эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты чектөөгө жана унааңыздын техникалык абалына көңүл бурууга чакырат.

Связанный пост