“Жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

 “Жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Мыйзам 2024-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

 

Мыйзамга ылайык “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “жөө жүрүүчү” жана “жеке мобилдүүлүк каражаты” деген терминдер менен толукталууда, атап айтканда жөө жүрүүчү деп транспорт каражатына түшпөй жолдо, же болбосо жөө жүрүүчү же велосипед жүрүүчү жолдо жүргөн жана аларда иш аткарбаган адам, майыптардын коляскасында бараткан, жеке мобилдүүлүк каражатын, велосипедди, мопедди, мотоциклди жетелеген, чананы, арабаны, балдардын же майыптардын коляскасын сүйрөгөн, ошондой эле жүрүү үчүн ролик конькилерин, самокаттарды жана башка ушул сыяктуу каражаттарды пайдаланган адамдар таанылса, жеке мобилдүүлүк каражаты деп кыймылдаткычты (кыймылдаткычтарды) пайдалануу аркылуу адамдын жекече жүрүүсүнө арналган, бир же бир нече дөнгөлөктөрү (роликтери) бар транспорт каражаты (электросамокаттар, электроскейтборддор, гироскутерлер, сигвейлер, монодөңгөлөктөр жана башка ушул сыяктуу каражаттар) аныкталат.

 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренеси жаңы редакцияда баяндалды, ага ылайык жеке мобилдүүлүк каражаттарын башкарган адам тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн да жоопкерчилик каралган.

Связанный пост