Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү өтүп жатат

 Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү өтүп жатат

Бүгүн, 2023-жылдын 27-майында, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү жүрүп жатат.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнчаКыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутатын  мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтө турган 51 УШКнын 20сынан шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүү мүмкүндүгүн берүү өтүнүчү менен 97 арыз түшкөн.

 

Алардын арасынан:

• улгайгандыгына байланыштуу – 5;

 

• майыптыгы барлар – 28;

 

• ооруп жаткандыгына байланыштуу – 41

 

• Башка категорияларга киргендер -23.

 

Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз РеспубликасынынКонституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугуна же майыптыгынабайланыштуу шайлоочулар добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албагандыктан алар добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүүгө укуктуу.

 

Ошондой эле:

 

• добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүү жана айыпталуучу катарында камакта жаткан шайлоочулар;

 

• алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда убактылуу жашаган жана мал бакканы жайлоолорго кеткен шайлоочулар;

• тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча өзгөчө учурларда;

 

• добуш берүү күнү калктуу пункттардан алыс жайгашкан обочолонгон; жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары;

 

• шайлоо күнү нөөмөттө турган ички иштероргандарынын кызматкерлери;

 

• үзгүлтүксүз иштөө цикли бар ишканалардаиштеген шайлоочулар;

 

• ротациялык негизде иштеген шайлоочулар.

 

Шайлоо күнүнө 2 күн калганда участкалык шайлоо комиссиясы өзүнүн участкасында добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү жөнүндө жазуу түрүндө арыз берген шайлоочулардын реестринилип коюуга тийиш.

 

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүшайлоо күнүнө бир

 

календарлык күн калганда, саат 8:00дөн 20:00гө чейин жана шайлоочунуншайлоо участогунан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде гана өткөрүлөт.

 

 

Связанный пост