Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Жамгырчиев УКМКга сурак берүү үчүн келди

 Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Жамгырчиев УКМКга сурак берүү үчүн келди

Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Жамгырчиев УКМКга сурак берүү үчүн келди. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 10-январында КР Жогорку Кеңеши депутат Эмил Жамгырчиевди КР Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Бирок, 2024-жылдын 9-январында депутат Э.Жамгырчиев Жогорку Кеңешинин депутаттары бул чечимди кабыл алганга чейин эле белгисиз себептер менен тергөө амалдарына катышуудан качып, дайынсыз качып кеткен.

2024-жылдын 10-январында Жогорку Кеңеште бул иш боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгын талкуулоо учурунда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эгер Эмил Жамгырчиев өз каалоосу менен тергөө органдарына келсе камалбай турганын эскерткен.

Мындан тышкары, 2024-жылдын 12-январында УКМК Жогорку Кеңештин төрагасына жана «Альянс» парламенттик фракциясынын лидерине депутаттын катышуусун камсыздоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жолдогон.

Ошол эле күнү 12-декабрда Э.Жамгырчиев жактоочусунун катышуусунда УКМКга келип, шектүү катары суракка алынган жана алардын катышуусунда тергөө аракеттери жүргүзүлүп, тергөө органдарына келүү милдети коюлгандан кийин коё берилген.

Учурда депутат Э.Жамгырчиевдин мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча тергөө иштери акыркы баскычта жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү белгиленген тартипте тергөө аягына чыгып, иштин жүрүшү боюнча кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлөт.

Связанный пост