ЖККУ Башкы катчысы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады
ЖККУ Башкы катчысы Таалатбек Масадыков Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
“ЖККУнун Катчылыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жаңы жашоонун башталышын, келечекке болгон ишенимди жана тынчтыкка умтулууну чагылдырган
Нооруз майрамы – жаздын келиши жана жаңы жылдын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Кыргыз Республикасынын аймактык коопсуздукту чыңдоодогу маанилүү ролун жана Сиздин Евразия мейкиндигинде туруктуулукту камсыз кылуунун натыйжалуу куралы катары биздин Уюмдун ырааттуу өнүгүшүнө кошкон зор салымыңызды жогору баалайбыз.
Бул жазгы майрам күнү Сизге чың ден соолук жана бакубат жашоо каалоого уруксат этиңиз, ал эми Кыргыз Республикасынын элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм!”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.