ЖКККББ кызматкерлери майрам учурунда күчөтүлгөн тартипте иш алып барды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек шаарында өткөрүлгөн Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парад учурунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашты.
Ведомстводон маалымдашкандай, айрыкча аскердик оор техникаларды коштоп жүрүү, чоң көчөлөрдө жол тыгындарына жол бербөө багытында күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты.
Азыркы учурда оор техникалар өтүү үчүн убактылуу жабылган жолдор ачылып, шаарда жол кыймылынын абалы туруктуу жана баары көзөмөлдө.