ЖК салыктык жеңилдиктер тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.
Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, аталган мыйзам долбоору президенттин “Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Бул чаралар зергерчилик жана тигүү өнөр жайын комплекстүү өнүктүрүүгө, ошондой эле чакан жана орто бизнес субъекттерине колдоо көрсөтүүгө өбөлгө түзөт.
Мыйзам долбоорунун негизги ченемдери:
- зергерчилик өндүрүшү үчүн арналган жабдуулар, технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттар үчүн кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу;
- транспорт каражаттарын сатууда юридикалык жана жеке жактарды салык төлөөдөн бошотуу;
- транспорт каражаттарын кайра экспорттоо операцияларынан улам келип чыккан жеке жактардын салыктык карызын эсептен чыгаруу;
- унааларды сатууда өндүрүүчүлөрдү сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу;
- тигүү жана текстиль өнөр жайы субъекттери үчүн киреше салыгынын ставкаларынын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин төмөндөтүлүшү;
- мүлкүн ижарага берген жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасын орточо айлык акынын кыскартылган суммасынын 6 пайыз өлчөмүндө белгилөө сунушталууда;
- Кыргызстандын аймагынан тышкаркы ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын 0,1 пайызга чейин төмөндөтүү;
- чет мамлекеттин банкы аркылуу жүргүзүлгөн транзакцияга салыктын ставкасын 0,1 пайызга чейин төмөндөтүү;
- баалуу металлдан жасалган зер буюмдарынын мурда импорттолгон же өндүрүлгөн калдыктарын 2 айдын ичинде легалдаштыруу, легалдашуу мезгилинде салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөргө мораторий киргизүү;
- баалуу металлдардан жасалган зергер буюмдарын сыноо жана аларга тиешелүү сынамыкты тастыктаган өзүнүн эн белгиси менен эн тамга басуу функцияларын ата мекендик зергер өндүрүүчүлөргө ыктыярдуу негизде өткөрүп берүү (мамлекеттик сыноо эн белгисинен тышкары), сыноо жыйымдарынын ставкаларын төмөндөтүү маселесин кароо;
- КР Административдик-процесстик кодексине, “Кыргыз Республикасындагы арбитраждык соттор жөнүндө” КР мыйзамына жана КР Салык кодексине;
- КР “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” жана “Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополия жөнүндө, ошондой эле алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, алкоголдук продукцияны чекене сатууну лицензиялоо жоюлат.