“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана депутаттардын статусу жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилди

 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана депутаттардын статусу жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Мыйзам 2024-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

 

Мыйзам 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 менен кабыл алынган “Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.

 

Алсак, кабыл алынган Мыйзам төмөнкү ченемдерди караштырат:

– анча оор эмес кылмыштарды жасаганы үчүн мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандарынан добуш берүү мүмкүндүгү алынып салууда;

– эгерде талапкер мамлекеттик же муниципалдык ишкананын жетекчиси болсо, көрсөтүлгөн учурдан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турат;

– эгерде талапкер мамлекеттик саясий кызматчы болсо, көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочуларды маалымдоо боюнча зарыл чараларды көрүүнү жогорулатуу бөлүгүндө шайлоо комиссияларга жана маалыматтык материалдарга кошумча талаптар белгиленүүдө;

– кайра уюштурууга алып келүүчү тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктердин чек араларынын өзгөрүшүнө байланыштуу жана (же) администрациялык-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылган учурда Президент жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону шайлоо күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирбестен дайындайт;

– эмгек келишиминин (контракттын) негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жумушка алынган кызматкер жергиликтүү кеңештин депутаты боло албайт.

Связанный пост