Жер жана жайыттардын бирдиктүү электрондук системасы түзүлөт
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде өлкөнүн агрардык секторун санариптештирүү боюнча жумушчу кеңешме өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун төрагалыгында өткөн жыйында айыл чарбасындагы маалыматтык системаларды интеграциялоо маселеси талкууланды.
Кеңешменин алкагында “АгроСмарт” мекемеси тарабынан фермерлер жана өндүрүшчүлөр үчүн түзүлгөн “РАӨБ Паспорту” жана Idyikan санариптик платформалары тааныштырылды.
Ал эми Жер ресурстары жана кадастр агенттиги агрардык тармакта талдоо, мониторинг жүргүзүү жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга багытталган “АГРОМАП” автоматташтырылган маалыматтык тутумун көрсөттү.
Жыйында жер ресурстары жана жайыттар боюнча бирдиктүү санариптик системаны түзүү зарылдыгына өзгөчө басым жасалды.
Илич Марсбек уулу белгилегендей, жерлер жана жайыт аянттары боюнча маалыматтарды бир базага бириктирүү агрардык сектордогу ачык-айкындуулукту камсыздап, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатат.
Жыйынтыгында жооптуу бөлүмдөргө сунушталган санариптик системаларды өнүктүрүүнүн деталдуу планын иштеп чыгуу жана аларды башка мамлекеттик базалар менен ийгиликтүү интеграциялоо тапшырмасы берилди.