Жеке ветеринарларга базарларда экспертиза жүргүзүү укугу кайтарылды

 Жеке ветеринарларга базарларда экспертиза жүргүзүү укугу кайтарылды

Башкы прокуратура жүргүзгөн текшерүүнүн алкагында жеке ветеринардык адистердин укуктары мыйзамсыз чектелгени аныкталды.

Прокуратурадан маалымдашкандай, мурда кабыл алынган айрым актылардан улам, алар азык-түлүк базарларында ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышкан.

Башкы прокуратуранын талабы менен министрлер кабинети тиешелүү токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди.

Натыйжада жеке ветеринардык дарыгерлердин укуктары төмөнкүдөй калыбына келтирилди:

  • Базарларда ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү укугу;
  • Тийиштүү сыноо протоколдорун берүү укугу;
  • Азык-түлүк базарларындагы лабораториялар жөнүндө жаңы жобонун бекитилиши.

“Учурда 21 жеке ветеринардык адис менен экспертиза жүргүзүү боюнча келишимдер түзүлдү”, — деп айтылат маалыматта.

Связанный пост