Жээнбек Кулубаев Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушту
Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев IV Элдик курултайга катышуу үчүн Россия, Казакстан, Түркия, Германия, АКШ, Канада, Италия , Чехия, Улуу Британия, Литва, Словакия, Польша, Корея жана Египеттен келген мекендештердин диаспоралык уюмдардан шайланган 30 делегат менен жолугушуу өткөрдү.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев өлкө жетекчилиги жүргүзүп жаткан учурдагы саясий багыт, Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, ошондой эле президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында Тышкы иштер министрлиги тарабынан чет өлкөлөрдө жашап жаткан кыргызстандыктардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди.
Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Делегаттар өздөрү өкүлчүлүк кылган диаспоралардын атынан чет мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктар туш болгон актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Кулубаев делегаттар тарабынан айтылган сунуштар жана көтөрүлгөн маселелер министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө болорун белгилеп, Тышкы иштер министрлиги диаспоралар менен өз ара байланыштарды мындан ары да чыңдап, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө коргоо ишин уланта берерин баса белгиледи. Ошондой эле ал айтылган сунуштар Кыргызстандын мындан аркы өнүгүшүнө олуттуу салым кошоруна ишеним билдирди.