Жээнбек Кулубаев Беларустун тышкы иштер министринин орун басары Игорь Назарукту кабыл алды
Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Беларустун тышкы иштер министринин орун басары Игорь Назарукту кабыл алды.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Беларусь мамилелерин, анын ичинде КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, БУУ, ЕККУ жана ШКУ эл аралык уюмдарынын алкагында кызматташууну андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Тараптар 2024-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Кыргыз-Беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынынын жыйынтыктарын жогору баалашты.