Жаштар күнүндө карата “Жашар – 2023” фестивалы өттү
Бүгүн, 10-ноябрда Жаштар күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Борбордук Азиядагы IDEA жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте «Жашар 2023» аталышындагы жаштар фестивалын өткөрдү.
Иш-чара А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында жаштардын катышуусунда өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жана Кырыгыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары катышып, жаштарды майрамы менен куттуктады.
Анда бүгүнкү күндө жаңы Кыргызстанды курууга багытталган коомдук-саясий жана экономикалык реформаларды ишке ашырууда жаштарыбыздын ролу артып, алардын катышуусу күндөн-күнгө өсүп жаткандыгы белгиленип, өлкө турмушунда маанилүү орунду ээлеген, саясий жана жарандык позициясы бар жүздөгөн жаштар турмуштун бардык тармактарында өлкөбүздүн негизги кыймылдаткыч күчүнө айланып жаткандыгы сыймыктануу менен айтылды.
Фестивалдын алкагында жаштардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу аянтчалар түзүлүп, «Сүйлө», «Жаса» жана «Кара» – платформалары иштеп, келген жарандар үчүн эшик ачык болду.
Белгилей кетсек, «Жаштар күнү” Кыргызстанда жыл сайын 10-ноябрда белгиленет. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы №15 токтому менен Кыргыз Республикасындагы демократиялык багытты ишке ашырууда өсүп келе жаткан муундун ролун жогорулатууну эске алуу менен бекитилген. Мамлекеттик жаштар саясатын өркүндөтүү максатында “Жаштар жөнүндө” мыйзамга кол коюлуп, ал ишке кирди. Бул мыйзам жаштардын өнүгүүсүнө шарттарды түзүүдө чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлмөкчү.