Жалал-Абадда “Тынчтык жүгүрүшү–2023” эстафетасы өттү

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин уюштуруусунда “Тынчтык чуркоо–2023” эстафетасы өтүп жатат.

Ага Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын 12 спортчусу катышууда. Бүгүн жөө күлүктөрдү Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтынан КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гулзат Аширова баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.

Жолугушууда демилгенин максаты эл аралык достукту бекемдөө, элдердин биримдикке жана гармонияга болгон умтулуусун чыңдоого багытталганы белгиленди. Андан кийин спортчулар чуркоо марафонун шаар аралап, Жалал-Абаддын кире бериш аркасын көздөй улантышты.

“Тынчтык жүгүрүшү–2023” эстафетасы Кыргызстандын 4 облусун бириктирет. Ал Нарын шаарынан башталып, Баткен облусунун Раззаков шаарына чейин улантылат. Чуркоонун жалпы узундугу 882 чакырымды түзөт.

Связанный пост