Жалал-Абад шаарындагы “Азия” гипермаркетине тандыр нандын баасын белгиленген баадан жогору саткандыгы үчүн айып пул салынды

 Жалал-Абад шаарындагы “Азия” гипермаркетине тандыр нандын баасын белгиленген баадан жогору саткандыгы үчүн айып пул салынды
Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, борбордук аппараттын кызматкерлери менен биргеликте шаардын жана Сузак районунун базарларында, соода түйүндөрүндө нан азыктарына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен Сузак районундагы наабайканаларда 250-260 гр тандыр нан дүң баада 22 сомдон, чекене баада 25 сомдон, ал эми 360гр.бөлкө нан чекене баада 24 сомдон, 425гр.бөлкө нан 25 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды.
Мониторинг учурунда Сузак районунун бир нече соода түйүндөрүндө 365-370 гр бөлкө нанды 25 сомдон, 270-280гр. тандыр нанды 30 сомдон сатып жаткандыгы аныкталып, бааны төмөндөтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилди.
Мындан сырткары Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков көчөсүнүн №46а дарегинде жайгашкан “Азия” гипермаркетине тандыр нандын баасын белгиленген баадан 3,97 сомго жогору саткандыгы үчүн 13 000 сом айып пул салынды.

Связанный пост