Жалал-Абад шаарында мектеп жана бала бакчалардын кышка даярдыгы текшерилди
Жалал-Абад шаарында мектеп жана бала бакчалардын кышка даярдыгы текшерилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова баштаган комиссия административдик-аймактык реформанын алкагында Сузак районунан Жалал-Абад шаарына кошулган 8 мектеп жана 2 бала бакчанын кышка карата даярдыгын, санитардык абалын, балдарга берилип жаткан тамак-аштын сапатын текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө билим берүү мекемелеринде аныкталган бир катар кемчиликтер аныкталып, аларды жоюу тапшырмасы берилди.
Алдыда мындай текшерүүлөр улантылат.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 29 мектеп, 29 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар.