Жалал-Абад шаарында дагы бир бала бакча курулат

 Жалал-Абад шаарында дагы бир бала бакча курулат
Жалал-Абад шаарындагы бала бакчага болгон муктаждыкты жою максатында 150 орундуу бала бакча курулуп жатат. Ал тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Тагыраак айтканда калаадагы Чынгыз Айтматов атындагы аймактык башкаруусунда 48 сотых жер аянтына эки кабаттуу, 150 орунга ылайыкташкан типтүү бала бакча курулуп жатат. Балдар мекемесинин сметалык баасы 97 млн. сомду түзөт. Курулуш респуликалык бюджеттен Жалал-Абад шаарына бөлүнгөн 2 млрд. сом акча каражатынын эсебинен каржыланууда.
Ал эми учурда Жалал-Абад шаарында 26 муниципалдык бала бакча бар.

Связанный пост