Жалал-Абад шаарында 11-классты 797 окуучу аяктайт

 Жалал-Абад шаарында 11-классты 797 окуучу аяктайт
25-май – “Акыркы коңгуроо” күнүндө Жалал-Абад шаарынын аймагында бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында шаардык билим берүү бөлүмү, шаардык ички иштер бөлүмү менен биргеликте күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору маалымдады.
Тагыраагы,бүтүрүүчүлөрдүн жеңил автоунаалардын коштоосундагы жүрүштөрдү уюштуруусуна, ата-энелердин катышуусу менен же өздөрүнчө кафе-ресторандарда, оюн-зоок жайларында, жаратылышта кечелерди өткөрүүгө жана ата-энелердин мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуусуна тыюу салынат. Бул багытта ата-анелерге жана бүтүрүүчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Мындан сырткары ата-энелеринин автоунааларын айдап жүргөн окуучулар кармалса, ата-энелери да жоопкерчиликке тартылып, мыйзам чегинде жоопко тартылат.
Белгилей кетсек, быйыл Жалал-Абад шаарында 11-классты 797 окуучу, ал эми 9-классты 2229 окуучу аяктайт. Жалал-Абад шаарында 20 мектеп бар.

Связанный пост