Жалал-Абад облусунда жалпы 36 мектептин курулушу жүрүп жатат

 Жалал-Абад облусунда жалпы 36 мектептин курулушу жүрүп жатат
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айылында курулуп жаткан №18 “Манас-1000” жалпы билим берүүчү орто мектебине барды.
Аталган билим берүү мекемесинин курулушу 2019-жылы башталып, аягына чыкпай келген. Бул жылы республикалык бюджеттен бүткөрүүгө керектүү каражат бөлүнүп, жумуш жанданган. Мектеп 275 орунга ылайыкташтырылууда.
Азыркы учурда имараттын чатыры жабылып, негизги жумуштар аяктаган. Облус башчысынын орун басары курулушка керектүү каражат ажыратылганын, сапатка өзгөчө көңүл буруп, иш ыргагын тездетүү үчүн кошумча жумушчу күч тартуу тапшырмасын берди.
Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкармалыгынын Кыргызстан айылында жайгашкан “Манас-1000” мектебин ушул жылдын күз айларында пайдаланууга берүү пландалууда.
Эске салсак, учурда Жалал-Абад облусунун аймагында жалпы 36 мектептин курулушу жүрүп жатат. Жыл аягына чейин анын 20сы ишке берилмекчи.

Связанный пост