Жалал-Абад облусунда РЭСтин абоненттеринен акча талап кылуу фактысы аныкталды

 Жалал-Абад облусунда РЭСтин абоненттеринен акча талап кылуу фактысы аныкталды

Жалал-Абад облусунда РЭСтин абоненттеринен системалуу түрдө акча талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу КР УКМК басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, КР УКМК Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Аксы районунун РЭСинин системалуу түрдө, пара опузалоо фактысы аныкталды. Ыкчам-тергөө амалдарынын жыйынтыгында Аксы районунун РЭСинин кассир-текшерүүчүсү кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Аксы районун тургунунан электр-эсептегичти алмаштырбагандыгы үчүн административдик жоопко тартуу менен коркутуп, мыйзамсыз пара катары сыйлык алуу фактысы аныкталды.

Аталган факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси боюнча (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) Кылмыштардын бирдиктуу реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына катталып, анын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 2023-жылдын 25-мартында РЭСтин кассир-текшерүүчүсү 18 мин сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатат.

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы жарандарды ушул сыяктуу фактылар жана башка укук бузуулар боюнча маалыматы болсо (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 телефону аркылуу Башкы башкармалыктын нөөмөт бөлүмүнө кайрылууну өтүнөт.

Связанный пост