Жалал-Абад облусунда кытайлык инвестор менен бир катар долбоорлорду ишке ашыруу келишимине кол коюлду

 Жалал-Абад облусунда кытайлык инвестор менен бир катар долбоорлорду ишке ашыруу келишимине кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Кытайлык инвестор Ванг Ченгвен менен жолугушту. Анда облустун Сузак районунун аймагына баасы 1,5 млрд АКШ доллары өлчөмүндөгү инфестициялык долбоорлорду ишке ашыруу камтылган эки тараптуу келишимге кол коюлду.
Мында район аймагына курулуш материалдарын чыгаруучу заводдор, Көк-Арт дарыясында дамба салуу, көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландары мерчемделген.
Облус башчысы район-шаарлардын социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, элге шарт түзүү багытындагы пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар экенин белгиледи.

Связанный пост