Жалал-Абад облусунда катуу шамал имараттардын чатырларын учурган

 Жалал-Абад облусунда катуу шамал имараттардын чатырларын учурган

Кечээ, 19-июнда Жалал-Абад облусунун Аксы районуда 21:30 чамасында секундасына 14-19 метрге жеткен катуу шамал катталып, Кербен шаарынан Курулуш айылында 1 турак үйдүн чатырын жана Авлетим а/а Коргон айылында 1 сарайдын чатырын учурган. Бүгүн жерине Жарандык коргонну комиссиясы жана Аксы райондук №70 ӨКБдан 4 куткаруучу жеринде иш алып барууда

 

Мындан сырткары Сузак районунун Таш-Булак а/а Ынтымак айылында жайгашкан Улуттук спорт борбору дирекциясынын Тел-Тору ат майданынын элдер отруучу чатырчасын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аталган мацданда Жарандык коргоону комиссиясы тартылып иштеп жатышат

 

Ошондой эле Кара-Көл шаарынын аймагында саат 02:30 чамасында шамалдын кесепетинен Кыргыз телеком ишканасынын, Т. Сатылганов атындагы №1 орто мектебинин спорт сарайынын чатырын, №89 Кесиптик лицейдин чатырын, РЭТтин гаражынын чатырын учуруп кеткендигитууралуу маалымат түшкөн. Жерине Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Связанный пост