Жалал-Абад облусуна бюджеттер аралык трансферттер катары 2,53 млрд сом бөлүндү
Жалал-Абад облусу боюнча 2023-жылдын 11 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 2 млрд 535,5 млн сом акча каржыланган.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен бюджеттер аралык трансферттер:
Теңдөөчү трансферт – 496,1 млн сом;
Ыйгарым укуктарды берүүгө – 48,9 млн сом;
Калктуу конуштардын башкы планын түзүүгө – 69,0 млн сом;
“Жалал-Абад шаарынын өнүктүрүү боюнча” КР министрлер кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №41-т негизинде – 1 млрд 745, 5 млн сом;
Электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга – 20,5 млн сом;
Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 44,3 млн сом;
Бирдиктүү салыктардын жоготууларынын ордун толтурууга – 110,2 млн сом;