«Жалал-Абад» аэропорту курулуштун активдүү фазасында
Өлкөнүн түштүгүндөгү жаңы авиа хаб – эл аралык «Жалал-Абад» аэропорту курулуштун активдүү фазасында.
Сузак районунда, Багыш айыл аймагында Эл аралык «Жалал-Абад» аэропортунун курулушу уланып жатат. Бул негизги инфраструктуралык долбоорлордун бири, анын жалпы аянты 381 гектарды түзөт.
Учурда:
• учуу-конуу тилкеси менен перрон боюнча топурак иштери 80%га аткарылды;
• аэровокзал комплексинин курулушу активдүү жүрүүдө: терминал имараты экинчи кабатка чейин көтөрүлдү.
Долбоор заманбап аэропортту жаратууга багытталган: архитектуралык экспрессивдүүлүккө, технологияга жана жогорку комфорт деңгээлине басым жасалат. Инфраструктурада эл аралык сапат жана коопсуздук стандарттарына ылайык алдыңкы чечимдер ишке ашырылат. Курулуш бекитилген графикке ылайык пландан калбай жүрүп жатат.