Жакынкы Чыгыштан Кыргызстандын 99 жараны репатриацияланды

 Жакынкы Чыгыштан Кыргызстандын 99 жараны репатриацияланды

 Мамлекет башчынын жана Министрлер Кабинетинин койгон тапшырмаларынын негизинде аткарылган репатриациялык иш-чаралардын алкагында, 2024-жылдын 20-февралында Жакынкы Чыгыштан Кыргыз Республикасынын 99 жараны – анын ичнен 28 аял киши жана 71 бала Мекенине алынып келди.

         Сириянын түндүк-чыгышындагы атайын лагерлерде жайгаштырылган репатрианттарды кайтарып келүү боюнча кезектеги “Айкөл 5” гуманитардык миссиясы Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулду.

         Кыргыз тарабы оор абалда калган жарандарды репатриациялоо боюнча бешинчи ири  атайын операцияны ийгиликтүү өктөрүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн жана логистикалык колдоого америка тарабына жана эл-аралык өнөктөштөрүнө өзгөчө ыраазычылыгын билдирет.

Связанный пост