Арстан Алай №31 түзөтүү мекемесинде каза болду
Арстанбек Абдылдаев дүйнө салды. Бул тууралуу КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.
Үстүбүздөгү жылдын 5-январында (саат 05:15 чамасында) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын (мындан ары – ЖАК) атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинин Ашкана бөлүмүндө айыпталуучу Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевичтин асылып турган сөөгү табылган.
Белгилей кетсек, айыпталуучу А.Абдылдаев 15.12.2023-жылы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренеси боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси менен кылмыш жасаган деген шек менен УКМКнын Чүй облусу боюнча Тергөө бөлүмү тарабынан камакка алынган.
16.12.2023-жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту А.Абдылдаевге карата Бишкек шаарынын №1-тергөө абагында (16-декабрь, 2023-жыл, 15-январь, 2024-жыл) камакка алуу баш коргоо чарасын колдонгон.
28.12.2023-жылы врач-психиатрдын сунуштамасына ылайык, айыпталуучу А. Абдылдаев “Инсанияттын такталбаган психатикалык бузулушу, галлюцинация” деген алдын ала дарт аныктамасы менен №31 дарылоо мекемесине этап менен жеткирилген.
№31 мекемеге келгенден кийин, 29.12.2023-жылы айыпталуучу А.Абдылдаев мезгил-мезгили менен жүрөгү ооруп, башы ооруп, кулагы шуулдап, ашказаны ооруп (тамактангандан кийин), тез-тез чарчап калганына арызданып, дарыгерлердин дарегине кайрылган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча алдын ала диагноз коюлган: “такталбаган психотикалык инсандык бузулуу (?). Коронардык жүрөк оорусу (КБС). Өтө жогорку тобокелдиктеги гипертониялык оору” жана клиникалык диагнозду тактоо үчүн кардиологдун, гастроэнтерологдун кеңешин жана РПСБнын шартында врач-психиатрлардын комиссиялык текшерүүсүн жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган.
05.01.2024-ж.саат 04:52 чамасында айыпталуучу А. Абдылдаев ЖАКтын дарылоо мекемесинин Ашкана бөлүмүнө кирип, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин (болжол менен саат 05:15те) асылган абалда табылган.
Жансыз денени алгачкы кароодо дене жаракаттары табылган эмес. Өлүмдүн чыныгы себебин жана механизмин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Бул факт АМСнын МЭАЖге катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.