Жаңы “Ош” базарында 10 миң соода оруну түзүлөт

Жаңы салынып жаткан “Ош” базарынын курулушу жай мезгилинде аяктайт. Бул тууралуу курулуш аянтынын башчысы Талант Керимкулов билдирди.

“Базардын жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзөт. 500 унаага ылайык жер алдындагы унаа токтотуучу жай, 20 миң чарчы метр жерде склад бөлмөлөрү, 50 миң чарчы метр жерге соода түйүндөрү жайгашат.

Негизги имараттар эки кабаттан туруп, жалпы 7 блок болот. Ар биринин астында жер алдындагы унаа токтотуучу жайлары кошо салынууда”,-деди ал.

Ошондой эле Керимкулов базарда соодагерлерге жабык имаратта иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүн белгиледи.

“Мындайча айтканда соода борбору сыяктуу болуп, жайкысын салкын, кышкысын жылуу болот. Эт, сүт, балык, жер-жемиш, жемиш сыяктуу азык-түлүктөрдү сатуучу блоктор аралашпай өз-өзүнчө болот.

Учурда монолит иштери аяктап, бөлмөлөрдү бөлүштүрүү, блокторду бири-бирине кошуу сыяктуу иштер жасалууда. Базар бүтсө 10 миңге жакын орун түзүлөт”, – деп кошумчалады ал.

Связанный пост