Жаңы окуу жылында 170 миңдей бала мектеп босогосун аттайт
Быйыл өлкө боюнча болжол менен 170 миң бала 1-класска барат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, 1-класска баруучу балдардын акыркы саны электрондук каттоодон өткөндөн кийин аныкталат.
Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарында болжол менен 25 миң бала 1-класска барат деп күтүлүүдө. Былтыр бул көрсөткүч 18 миңди түзгөн.