Жаңы автобекет штаттык режимде иштеп жатат
Бишкек шаарындагы айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишинде жаңы автобекет иштеп жатат.
Автобекетти маршруттук таксилер тейлейт, алар жарандарды аймактарга ташыйт. Бүгүнкү күндө 5 ташуучу компания (100дөн ашык машина) автовокзал менен кызматташып жатат:
– «Ардагер Транс Сервис» ЖЧКсы (Бишкек-Жети-Өгүз);
– «Тоң-Бишкек» ЖЧКсы;
– «Чон Ак-Суу» ЖЧКсы;
– «Таңкы Жол» ЖЧКсы;
– «Нурлан плюс» ЖЧКсы (Бишкек-Түп).
Өз кезегинде аймактарга келген жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн шаардык каттамдар уюштурулуп, аларды «Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлейт. Каттамда №211, №123, №104, №285 кичиавтобустар жана №146 автобус иштеп жатат.