Юстиция министри алмашты
Аяз Баетов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу юстиция министри кызматынан бошотулду.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Алмаз Айылчиев юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ал буга чейин президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары – укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.